Жети-Өгүздө муниципалдык мүлк мыйзамсыз күрөөгө коюлган: кылмыш иши козголду

18-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 92

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Барскоон айыл өкмөтүнүн балансындагы муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө берүү фактысы аныкталды.

Маалыматка караганда, 2022-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция тарабынан Ж.К. аттуу жаранга 2 млн 500 миң сом өлчөмүндө пайызсыз кайтарымдуу финансылык жардам берилген.

Каражаттын кайтарылышын камсыздоо максатында Барскоон айыл өкмөтүнүн балансындагы мончо муниципалдык мүлк жеке жарандын милдеттенмеси үчүн күрөөгө коюлган.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, муниципалдык мүлктү жеке жактын милдеттенмесин камсыздоо үчүн күрөөгө берүүгө жол берген Барскоон айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын жооптуу кызмат адамдарынын аракеттеринен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун белгилери аныкталган.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси — «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголду.

18-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 92
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X