Жети-Өгүздө жаңы административдик сот имаратынын курулушуна капсула салынды

19-август, 2026-ж. / Редакция / Аймак 94

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жаңы административдик сот имаратынын курулушу башталды. Бүгүн имараттын пайдубалына мезгил кутусу  салыны.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары — Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Канатбек Осмонов, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев, Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасы Нурпаис Бекташов, судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев акыркы жылдары өлкөдө сот тутумунун материалдык-техникалык базасын чыңдоого, соттордун иштөө шарттарын жакшыртууга жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган иштер күчөтүлүп жатканын белгиледи.

Жаңы имаратта судьялардын жана сот аппаратынын кызматкерлеринин натыйжалуу иштөөсү үчүн заманбап шарттар түзүлөт. Ошондой эле сотко кайрылган жарандардын ыңгайлуулугуна өзгөчө көңүл бурулат.Нет описания фото.

«Сот адилеттигинин сапаты биринчи кезекте судьянын кесипкөйлүгүнө, калыстыгына жана мыйзамдуулук принциптерин так сактоосуна байланыштуу. Ал эми заманбап шарттар бул милдеттерди сапаттуу аткарууга өбөлгө түзөт», — деп белгиледи Медербек Сатыев.

Жаңы сот имаратынын курулушу Жети-Өгүз районунун тургундары үчүн сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жогорулатып, аймактагы укуктук инфраструктураны өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү айтылды.

Курулуштун пайдубалына салынган мезгил кутусу болсо район үчүн жаңы сот имаратынын тарыхындагы маанилүү башталыш катары белгиленди.

19-август, 2026-ж. / Редакция / Аймак 94
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X