Жети-Өгүздө жол эрежесин одоно бузган жаштарга 135 миң сом айып салынды
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 22-июлда жол эрежесин бузган жаштарга карата чара көрүлдү.
Маалыматка ылайык, 18 жаштагы балдар бир нече унаа менен жолго чыгып, унааларды кооптуу айдап, айрымдары терезелеринен чыгып алган. Бул көрүнүш коомдук коопсуздукка коркунуч жаратканы белгиленди.
Окуя боюнча милиция кызматкерлери беш унааны айып короого киргизип, эреже бузган айдоочуларга жалпы 135 миң сом өлчөмүндө айып пул салды.