Кечээ 2-майда Талант Мамытов баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Исфана шаарындагы Лейлек райондук ооруканасына барышты.
Алар кыргыз-тажик чек ара чыр-чатагында ар түрдүү даражада жаракат алышкан жарандарды барып көрүшүп, алардын ал-ахыбалдарын, дарылоо кандай жүрүп жатканын сурап, батыраак айгып кеткиле деген каалоолорун айтышты. Медициналык мекемеге ооруларды дарылоо үчүн зарыл болгон дары-дармектер берилди. Ошондой эле “Бөрү” атайын милдет аткаруучу отрядынын аскер кызматкерлери менен да жолугушуу болду.Талант Мамытов көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн аларга ыраазычылык билдирип, каржылык жардам көрсөттү.