ЖК УКМКнын төрагасын жана үч министрди дайындоого макулдук берди

18-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 16

ЖКнын басма сөз кызматы билдирдгендей, бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын жана үч министрдин кызмат орундарына көрсөтүлгөн талапкерлерди дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Талапкерлерди жыйында Президенттин жана Министрлер Кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңеш Жумгалбек Шабданбековду Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна, Акыл Токтобаевди жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри, Урматбек Шамыркановду өзгөчө кырдаалдар министри, ал эми Талантбек Солтобаевди транспорт жана коммуникациялар министри кызматтарына дайындоого макулдук берди.

 

18-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 16
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X