ЖК: Жаңы келген депутаттар ант беришти
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында №15 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган Жайлообай Нышановдун жана №14 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган Райимберди Дуйшенбиевдин ант берүү аземи болуп өттү.
Белгилей кетсек, жаңы депутаттар өз арыздарынын негизинде кеткен депутаттар Нурланбек Тургунбек уулу жана Кундузбек Сулаймановдун ордуна келишти.