ЖМК өкүлдөрүн колдоого мамлекеттен каражат бөлүнөт

15-ноябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 23

Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттен акча бөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Бишкекте бийликтин жана өкмөттүк эмес уюмдардын кызматташтыгын талкуулаган жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Маалыматка ылайык өзгөчө көңүл басылмаларга бөлүнөт жана президенттин облустук гезиттерди колдоо боюнча алгачкы чечимдери кабыл алынды.

“Жалпыга маалымдоо каражаттарына субсидиялар ар кандай беренелер боюнча бөлүнөт. Бизге кеңири агартуу ишмердүүлүгү абадай керек, бул ишти кароосуз калтырып, рынок механизмдерине ишеним артууга акыбыз жок. Мамлекет сапаттуу журналистикага жана активдүү прессага кызыкдар”, — деди Эдил Байсалов.

15-ноябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 23
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X