ЖМК: Лионель Месси Аргентина курамынан кетет
Аргентина курама командасынын капитаны Лионель Месси 2026-жылкы дүйнө чемпионатынан кийин улуттук курамдагы карьерасын жыйынтыктоону чечти. Бул тууралуу журналист Эрнан Кастильо билдирди.
Анын маалыматына караганда, 39 жаштагы футболчу чечими тууралуу командалаштарына дүйнө чемпионатынын финалынан кийин билдирген.
Финалда Аргентина Испанияга кошумча убакытта 0:1 эсебинде жеңилип, дүйнө чемпиону наамын сактап кала алган жок. Жеңиш голун 106-мүнөттө Ферран Торрес киргизди.
Месси турнирде 8 гол жаратып, мыкты бомбардирлердин тизмесинде экинчи орунду ээледи. Бул анын карьерасындагы алтынчы дүйнө чемпионаты болду.
Аргентина курамында Месси 207 оюн өткөрүп, 125 гол киргизген. Ал 2022-жылы дүйнө чемпиону болуп, эки жолу Америка Кубогун жана Финалиссима турнирин жеңген.
Учурда Лионель Месси же Аргентина футбол ассоциациясы анын эл аралык карьерасын аяктоосу боюнча расмий билдирүү жасай элек.