12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында өткөн жылдагы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отчёту каралды. Жыйында эл өкүлдөрү тарабынан мыйзам көзөмөлдөөчү органдын башчысына чет жактагы камакта жаткан мекендештерибиздин тагдырынан тартып, өлкө ичиндеги көкөйгө тийген мыйзамсыздыктар тууралуу оголе көп соболдор берилди. Ар бир соболго мыктай кадалып жооп узаткан Баш прокурор Зулушев келечектеги пландарынан өйдө жашырган жок. Жыйын соңунда эл өкүлдөрү мыйзам көзөмөлдөөчү органдын 2022-жылдагы жалпы ишине канааттандыраарлык деп табышты. Өлкө жетекчилиги менен эл өкүлдөрүнөн ушундай колдоо болуп жаткан соң, Баш прокурор камчы салдырбай иштегенге милдеттүү да, туурабы?