«Ишеним» саясий партиясынан Советбек Рустамбек уулу Жогорку Кеңештин 24-апрелдеги жыйынында ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
Борбордук шайлоо комиссиясы 22-апрелде аны Жогорку Кеңештин депутаты катары каттап, күбөлүк жана төш белги берген.
Советбек Рустамбек уулу парламентке Эмилбек Жусуповдун ордуна келди.
Эмилбек Жусупов 21-апрелде мандатын тапшыруу боюнча өз ыктыяры менен арыз жазганы белгилүү болгон.