"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак ТҮЛӨБАЕВ: “Ата-Түрк паркынын айланасында өтө татаал жагдайлар бар”

Парламенттеги талаш-тартыш, кызуу талкуулардын чордонунда жүргөн депутат Балбак Зарлыкович көпчүлүктү эриктирбеген жүрүшкө ээ экени баарыбызга маалым. Биз бул сапар эл өкүлүн жыйындар залынан тосуп, азын-оолак маектешүүгө үлгүрдүк.

— Балбак мырза, Ысык-Көлдөгү жайкы эс алуу мезгилине карата даярдыктан кабар алып жатасызбы? Облус жетекчилигине бул маселе боюнча маалымат алыш үчүн кайрылганыбыздан майнап чыккан жок…

— Жетекчи деген ачык болушу керек. Жеке мен облус жетекчиси жана район акимдери менен байланышып, кичи мекенимдеги абалдан ар убак кабар алып турам. Азыр Ысык-Көлдөгү жеке эле облус башчысы менен акимдер эмес, бардык жетекчилер, жергиликтүү тургундардын өздөрү колдорунан келишинче жайкы эс алуу мезгилине кызуу даярдык көрүп жатышат. Президенттин Жарлыгынын негизинде көл жээгиндеги тосмолор алынып, иретке келтирилип, оңдоо-түздөө иштери жүрүүдө. Ачык айтыш керек, айрым учурларда жергиликтүү жетекчилер кээ бир маселени тыкыр текшербестен катуу кетип калып жатышат. Сөздүн кыскасы, жаман эмес, иш жүрүшүп, аракеттер бар.

— Сиз Бишкек шаарынын да жетекчилигинде иштегенсиз. Баш калаадагы “Ата-Түрк” паркынын айланасындагы мыйзамсыз курулуштар түртүрөөлү айтылууда. Парктын чек арасын мурдагы абалына кайтарууга болгон Бишкек мэриясынын аракетинин жыйынтыгы болобу?

— Бардык нерсе мыйзам чегинде болушу керек. “Ата-Түрк” паркынын айланасындагы иштерде өтө татаал жагдайлар бар. Маселен, көп кабаттуу үйлөрдөн элдер үчүнчү, төртүнчү же бешинчи болуп, колдон-колго өтүп сатып алгандар бар. Андыктан, мындай иштер кылдаттык менен мыйзам чегинде соттук териштирүүлөр менен чечилиши абзел. Ошол эле убакта алып коюп, анысына турак жай салбай койгон тилкелер бар. Мына ошондой жерлерди мэрия өз карамагына алышы мүмкүн. Себеби, ал жерлерди өз убагында алып коюшкан, азыр салынбай турат. Ошондуктан, бул маселелерде мыйзам иштеши керек. Эгерде “Ата-Түрктүн” айланасындагы чуу жаратып жаткан “курулуштарды соттун чечими менен бузгула” дешсе, анда эч токтоосуз бузуу керек. Сот бузбагыла деген тыянакты берсе, эч кандай бузулбашы керек. Баса белгилөөчү жагдай, ал жердеги көп кабаттуу үйлөрдүн ээлеринин күнөөсү жок деп эсептейм. Ири алды ошол жерге уруксаат бергендерди таап, жазасын берүү кажет.

— Туура, мыйзамдуулук, соттун чечими болсун деп жатабыз. А бирок, соттордун чыгарган тыянактары канчалык деңгээлде адилеттүү болот дейсиз…

— Ошон үчүн “Ата-Түрк” паркынын айланасындагы иштерде өтө татаал жагдайлар бар. Бул чуулгандуу иштерди өтө кылдаттык менен кароо керек. Мунун өзү алдыда болчу иштерге сабак болушу шарт. Ар бир жер тилкесинин ээлерине өз алдынча мамиле кылыш кажет. Дагы айтам, бул маселени өтө кылдат жана тыкыр карабаса болбойт.

— Кесиптешиңиз Султанбай Айжигитов менен соттошмой болдуңузбу?

— Көпчүлүк эл менден Султанбай Айжигитов аксакал киши, андан кичүүлүк кылып кечирим сурап коюшумду суранышууда. Айжигитовдун мени “чыккынчы”, “былчык” деп семиздигиме чейин асылгандыгы үчүн кечирим сурайын деп жатам. Кыргызстанда мендей оор салмактагы категорияда бир миллиондон ашык киши бар. Жалгыз семиз мен болсом теригет элем. “Чыккынчысың” деген сөзү үчүн да көпчүлүккө муюп, кечирим сураганы турам. Айланамдагылардын суранычы менен сотко беришти да токтоттум. Болгону Султанбай Айжигитовду абийирдин, Кудайдын сотуна гана койдум. Аныгында ал киши өзүнүн жашын, аксакалдыгын билип, өзүнөн кичүү жаштарга ызаат көрсөтүштү да биле жүргөнү оң деп эсептейм. Парламент — талаш-тартыштардын, саясаттын чордону. Мындай жерден айрым учурда ушинтип талашып-тартышканга, урушканга мажбур болот экенсиң.

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

№43 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 7-июну