Жогорку Кеңеш эки министрдин талапкерлигин жактырды

25-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 67

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 25-февралдагы ЖКнын жыйынында депутаттар эки министрлик кызматка сунушталган талапкерлерди кызматка дайындоого макулдук беришкенин билдирди. Натыйжада Эрлист Акунбеков Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп, ал эми Дамирбек Осмонов Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды.

Талапкерлерди депутаттарга Президенттин жана Министрлер Кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Талкуу маалында эл өкүлдөрү эки тармактагы көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгын белгилешти. Айрым депутаттар аймактардагы сугат суусунун тартыштыгын көтөрүп, айрыкча Нарын облусунда маселе курч экенин айтышты. Ошондой эле суу чарбасын жалпы система катары өнүктүрүү зарылдыгы баса белгиленди.

Саламаттык сактоо тармагында болсо кадр жетишсиздиги, дарыгерлерди аймактарга тартуу жана ооруканаларды заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү.

25-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 67
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X