Жогорку Кеңеш Эсеп палатасынын жаңы аудиторлорун шайлады
8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Эсеп палатасынын аудиторлору шайланды.
Президенттин жана Министрлер Кабинетинин парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиев аудитор кызматына Алимжан Байгазаковдун талапкерлигин сунуштады. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында аны 82 депутат колдоду.
Мындан тышкары, парламенттин Финансы боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобу Алмазбек Акматовду, ал эми «Ишеним» депутаттык тобу Зарылбек Сатаевди сунуштаганын билдирди. Добуш берүүнүн жыйынтыгында алар дагы аудитор болуп шайланышты.
Жаңы шайланган аудиторлор Жогорку Кеңеште ант беришти. Мыйзамга ылайык, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат, ал эми палатанын төрагасы президент тарабынан дайындалат.
Эске салсак, Садыр Жапаров 3-февралда Эсеп палатасы жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун парламентке сунуштаган. Ага ылайык, аудиторлордун саны төраганы кошкондо 9дан 3кө чейин кыскартылып, эки талапкер Жогорку Кеңеш, бир талапкер президент тарабынан сунушталат.