Жогорку Кеңешке жаңы эл өкүлдөрү келди
Бүгүн, 24-февралда, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин эки бош мандатын өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды.
Ага ылайык, №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Райимберди Дуйшенбиев, ал эми №15 округ боюнча Жайлообай Нышанов Жогорку Кеңештин депутаттары болуп катталды. Аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белгилер тапшырылды.