Жогорку Кеңеште Жаштар кеңеши түзүлдү

26-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73

Бүгүн, 26-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Табылды Муратбеков парламент алдында Жаштар кеңеши түзүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, бул чечим Жогорку Кеңеш менен жаштардын ортосундагы байланышты күчөтүү, жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жаштар саясатын өнүктүрүү максатында кабыл алынды.

Депутат белгилегендей, кеңеш мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелери жана жарандык коом менен тыгыз иш алып барат. Мындан тышкары, жаштардын демилгелерин, ишкердик жана инновациялык долбоорлорун колдоого багытталат.

Ошондой эле билим берүү, илим, маданият, спорт жана санариптик өнүгүү жаатындагы жаштар долбоорлоруна көмөк көрсөтүү жана укуктук сабаттуулукту жогорулатуу кеңештин негизги багыттарынын бири болору айтылды.

26-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X