Жогорку Кеңештин депутаты, генерал-майор Райимберди ДҮЙШӨНБИЕВ: “МАГА БОЛГОН ИШЕНИМДЕРИ ҮЧҮН ЭЛИМЕ ТААЗИМ КЫЛАМ”

Мандат буюруп, эл өкүлү катары Жогорку Кеңеште ишин баштаган генерал Райимберди Сейдакматовичти “иш илгери” деп куттуктап, азын-оолак кепке тарттык. Каарманыбыз мандатка жеткени алгачкылардан болуп бизге маек берди.

– Райимберди Сейдакматович, мандат кут болсун. Өмүр бою формачан жүргөн аскер адамынын мандатка жетиши менен ишти эмнеден баштаганы көпчүлүккө кызык болсо керек…

– Жакшы болот. Аламан жарышка аттанаар алдында көпчүлүк элге, ошол эле шайлоочуларыма кооз сөздөрдү айтып, парламенттен мандат буюрса деп ооз толтурган жел убадаларды берген эмесмин. Эң башкысы шайлоочуларымдын “жеңилин жерден, оорун колдон алыш” колуман келерин билдиргем. Элдин ишеними менен парламентте иштөө маңдайыма жазылган соң жалпы элдин муң-зарына, айрыкча, шайлоочуларымдын көйгөйү менен кубанычына ортоктош болуп, мыйзамда көрсөтүлгөн укугубуздун чегинде колубуздан келишинче, мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче иштеп беребиз.

– Интернетте, ошол эле социалдык түйүндөрдө Куралдуу күчтөрдөгү эмгектенген жана эс алуудагы ардагерлердин көпчүлүгү сиздин мандатка жетишиңизге кубанышып, парламентте куру дегенде формачандардын көйгөйүн көтөрчү сиздей өкүл келгенин кубатташууда. Эл өкүлү катары бул тармак боюнча пландарыңыз барбы? Же жарышка аттанаарда аларга опол тоодой убадаларды берип келдиңиз беле?

– Колуман келе турган иш болсо эч тайсалдабай чечкенге даярмын. Ооба, Куралдуу күчтөр боюнча маселелер бар. Өзгөчө өлкөбүздүн Куралдуу Күчтөрүнүн өсүп-өнүгүшүнө жана Кыргызстандын аскер-өнөр жай ком-плексин кайра жаратуу – менин максаттарымдын бири. Буга удаа Баткен окуяларынын катышуучуларынын макамын бекемдегенге жана аскер ардагерлеринин пенсиясын көтөрүүгө аракет жасоо депутат катары менин иш максаттарымдын бири болмокчу.

– Бүтүндөй өмүрү Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө арналган генералдын эл менен иштөөдө өзгөчө ыкмасы барбы?

– Ыкма болгондо кандай? Элдин ишеними мен үчүн чоң жоопкерчилик. Жоопкерчилик моюнда турган соң шайлоочуларымдын, тарапташтарымдын үмүтүн актоо, аларга ар убак ачык болуп, элим менен эриш-аркак иштешүү депутаттык ишмердүүлүгүмдөгү алтын эрежелеримдин бири. Аскер адамы катары эл өкүлдүк вазыйпамды адилеттүүлүк менен аркалоо, парламенттин ыйык трибунасынан чындыкты айтуу менен элибизге арка-бел болгонго бар аракетимди жумшамакчымын.

– Мен билгенден парламентке миллиондорду сарптабай деле жеңиш менен келсе болорун далилдедиңиз. Эл ишенимин алышка акчадан башка сизге дагы кандай фактор жардамчы болду?

– Мен өмүр бою өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүндө кызмат кылган адаммын. Калың элдин мага болгон ишеничи кыл чайнашкан кыйын кырдаалдарда ар убак жардамга келет. Эң башкысы мен элиме, кичи мекенимдеги жердештериме, жалпы шайлоочуларыма ыраазымын. Кызматта болсом дагы, болбосом дагы кандай учур болбосун колдоп келе жатышат. Элимдин мага болгон мындай ишеними үчүн бардыгына башымды ийип, таазим кылам!

Калыгул Бейшекеев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X