Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек ОРМОНОВ: “ПАРЛАМЕНТТЕН “РЕКОРД” КОЙГОНГО ЭМНЕГЕ БОЛБОСУН?”

Парламенттин катар-катар депутаттарынын мандатынан баш тартышы менен бошогон орундар айрым тажрыйбалуу эл өкүлдөрү менен толукталууда. Мындай катарда №10 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган Улугбек Зулпукарович да бар. Жакында VIII чакырылышка депутаттык мандат буюрган эл өкүлү алгачкылардан биздин гезитке маек берип, алдыдагы иш-максаттары менен бөлүштү.

— Улугбек Зулпукарович, пайгамбар жаш курагыңызда депутаттык мандатка жетүүңүздүн өзү символикалык көрүнүш болсо керек. Айтыңызчы, бул чакырылышта “олжоңузга” жетишиңизге ишенген белеңиз?

— Бардыгы Кудайдын буйругунан болот. Шайлоо бүтөөрү менен жеңишке дароо жетпесем да жыл айланбай депутаттык төш белгини тагынуу менин жеке тарыхымда биринчи ирет болгон жери жок. 2015-жылы да “Бир Бол” партиясы менен жарышка аттанып, буйрук экен, шайлоо жарышынан бир жыл өткөндө мандатка жеткем. Азыр дагы 10 жыл мурунку көрүнүш кайталанып, бул жолу да жыл айланбай парламенттин VIII чакырылышына депутат болуп келдим. Баштагы сенин соболуңда айтылгандай мунун өзү символикалык мааниге ээ болсо керек. Ички сезимимде деле бул чакырылышка келеримди негедир алдыртан сезгеним бар. Парламенттик жарыштан соң дароо жеңишке жетпей, тыным алган көрүнүштү деле жакшылыкка жоругам. Бул аралыкта ден соолугума кам көрүп, үй-бүлө, бала-бакыра, неберелериме көбүрөөк убакыт бөлгөнгө мүмкүнчүлүк жаралды. Көптөгөн дос-туугандар менен алаканы чыңдадым. “Жеке жашоосуна көңүл бурсун” – деп Жараткан деле мага бул сапар “боору ооруп”, ушундай мүмкүнчүлүк берди окшойт деп калам.

— Жети ирет парламенттик жарышка ат салышып, анын ичинен Жогорку Кеңештин 5 чакырылышына катары менен депутат болгон “ветеран” эл өкүлү учурда сиз гана болсоңуз керек. Бул жагынан “рекорд” коёюн дедиңизби?

— Башта айтканымдай бардыгы маңдайга жазган Жараткандын буйругунан болот. Мен аныгында мандатсыз деле эли-журтума, өзгөчө Өзгөндөгү кичи мекениме кызмат кылып келгем. Болгону депутаттык мандат менен эл-журтка кызмат кылууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк жаралат. Буга чейинки соболдоруңда журналисттик жүрүшүңө салып “пайгамбар жаш куракка жетипсиз, рекорд коёюн дедиңизби” дегендей “чым-чылама” соболдоруңду узатып жатпайсыңбы. Өнүккөн өлкөлөрдө, ошол эле Кытайда мамлекетке кызмат кылуунун болуп-толуп, “бышып” турган курагы 60 жаштан өткөндө башталат. Кыргыздын “атаң алтымышка чыкканда, алдап-соолап күчүн ал” деген макалы деле эч качан калп айттырган эмес. Андыктан, Кудай күч-кубат, ден соолук берип турса, 90го чыкканда дагы элибизге кызмат кылуу буюрсун. Кыргыздын мырзасы үчүн мындан өткөн олжо жоктур.

— Улугбек Зулпукарович, азыркы чакырылыштагы кээ бир кесиптештериңиздин улам бир жоруктары парламенттин аброюн “күм-жам” кылууга бараткан жокпу? “Ветеран” мыйзамчы катары айтыңызчы, буларды тескеп, жазылбаган мыйзамдар аркылуу “кой-ай” деп койгонго болобу? Парламент жеке кызыкчылыктарды ишке ашыра турган жер эмес, коллективдүү орган экенин деле мындай катмардагылар биле беришпейт го деп ойлойм…

— Кыргызда “кой аксагы менен миң”  деген кеп бар. Албетте, бул жагынан чындыгында жалпы парламент институтуна коомчулукта кескин сын-пикирлер күчөп кетти. Көпчүлүк болгон соң андайлар да болот экен. Бирок, мынчалык майдалыкка жол беришпесе болмок. Албетте, улуулук кеп-кеңешибизди, аксакалдык акылыбызды айтабыз.

— Алдыдагы пландарыңыз кандай? Ишти эмнеден баштоо сиз үчүн жаңылык деле болбосо керек…

— Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарыбыздын чегинде иштей беребиз. Шайлоочулар менен тынбаган жолугушуулар, өкмөт, жергиликтүү бийлик, мыйзам чыгаруу иши күнүмдүк турмушубуздун маанилүү бөлүгү бойдон кала бермекчи. Билесиң да байкеңди…

Калыгул Бейшекеев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X