Жогорку Кеңештин төрагасы ТүркПАнын башкы катчысын кабыл алды
Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Башкы катчысы Рамил Хасанды кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Төрага боордош түрк мамлекеттери менен кызматташтыкты өнүктүрүү Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, айрыкча парламенттер аралык өнөктөштүктүн маанисине токтолду. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш түрк мамлекеттеринин парламенттери менен тыгыз иш алып барууга жана Ассамблеянын алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө кызыкдар.
Ошондой эле Нурланбек Тургунбек уулу быйыл ТүркПАнын Кеңешинин кезектеги жыйыны Кыргызстанда өтөрүн эске салып, аталган иш-чара маанилүү сүйлөшүүлөргө жана бирикменин мүчөлүгүнүн кеңейишине өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Маалыматка ылайык, ТүркПА 2008-жылы түзүлүп, ага Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын жана Түркиянын парламенттери мүчө. Ал эми Венгрия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын парламенттеринин өкүлдөрү Ассамблеянын иш-чараларына активдүү катышып келет.
Өз кезегинде Башкы катчы Рамил Хасан ТүркПАнын алкагында аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берип, быйыл Кыргызстанда өтө турган жыйынга даярдыктар көрүлүп жатканын билдирди. Ошондой эле кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган жолугушуулар мерчемделгенин кошумчалады.
Мындан тышкары, жолугушууда Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо да талкууланып, Рамил Хасан аталган шайлоого ТүркПАнын байкоочулары катышканын жана добуш берүү жараянына жогору баа берилгенин белгиледи.