Жогорку Кеңеш 2-сентябрда ишин улантат
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы жайкы тыныгуудан кийин 2-сентябрда ишин кайра баштайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул күнү парламенттин II сессиясы ачылып, депутаттар мыйзам чыгаруу иштерин улантат.
Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого байланыштуу маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров 17-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевге кат жолдоп, президенттик шайлоону дайындоо маселесин 17-сентябрдагы жыйындын күн тартибине киргизүүнү сунуштаган.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары 25-июнда I сессиянын ишин жыйынтыктап, жайкы эс алууга тараган.