Жогорку Кеңеш чет өлкөлүк туристтер үчүн туруктуу экскурсия уюштурууну пландап жатат

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 101

Жогорку Кеңештин имаратын чет өлкөлүк туристтерге тааныштыруу боюнча туруктуу экскурсияларды уюштуруу сунушталды. Бул тууралуу парламенттин Төрагасы Марлен Маматалиев имаратты кыдыруу учурунда билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары чет өлкөлүк жарандардын кыргыз парламентинин ишмердүүлүгүнө болгон кызыгуусу өсүп, Жогорку Кеңешке экскурсия уюштуруу боюнча кайрылуулар көбөйгөн.

Ушуга байланыштуу туристтер үчүн жумасына бир жолу экскурсия өткөрүү каралууда. Анын алкагында чет өлкөлүк коноктор парламенттин музейи жана жыйындар залы менен тааныша алышат.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин имаратында атайын сувенирдик бурч ачылып, анда парламенттин символикасы түшүрүлгөн продукцияларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Маматалиев экскурсияларды уюштурууда коопсуздук талаптары жана парламенттин аймагында жүрүү тартиби так сакталышы керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жарандары белгиленген талаптарды сактоо менен Жогорку Кеңештин имаратына жумасына беш жумуш күнүндө кире алышат.

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 101
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X