25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүү тармагында жеңилдиктерди берүү боюнча токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоорду кабыл алышты.
Талкуу маалында депутат Медер Чотонов документте «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүү мекемелеринде 100 пайыздык жеңилдик берүү каралып жатканын билдирди.
Аталган чечим көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоого жана алардын балдарынын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүүгө багытталган. Токтом долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан колдоого алынып, кабыл алынды.