Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун күнүн белгиледи

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 127

Жогорку Кеңеш 24-сентябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын кезектеги президенттик шайлоосун дайындоо тууралуу токтом долбоорун кабыл алды. Ага ылайык, шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев шайлоонун шаршемби күнүнө белгиленишинин себебин түшүндүрдү.

Анын айтымында, шайлоочулардын катышуусун жогорулатуу максатында добуш берүү күнү атайын жумуш күнүнө туш келтирилген.

«Жумушчу күнү ким келип шайлоого катышса, ошол күндөгү маянасы сакталат. Бирок барбай калса, эмгек акысы эсептелбейт», — деди төрага.

Мыйзамдагы азыркы норма боюнча кезектеги президенттик шайлоо ыйгарым укуктардын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт.

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 127
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X