Жогорку Кеңеш турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасын өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Граждандык кодексине, “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун демилгечиси — Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Жыйында Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев баяндама жасап, документ камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун жогорулатууга жана жарандардын укуктук корголушун күчөтүүгө багытталганын белгиледи.

Анын айтымында, мыйзам турак жайлар боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында жана кепилденген тартипте төлөө механизмдерин жакшыртууга шарт түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X