Жогорку Кеңеш жыныстык таандыкты өзгөртүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды. Документ Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөйт.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Марлен Маматалиев, Болот Сагынаев, Айбек Алтынбеков, Эдита Тайгараева, Айгүл Ахмедова, Салтанат Аманова жана Бакыт Чомоев.

Демилгечилердин бири, депутат Болот Сагынаев белгилегендей, мыйзам долбоору үй-бүлө институтун жана демографиялык коопсуздукту чыңдоого, ошондой эле улуттук-маданий өзгөчөлүктөрдү жана салттуу баалуулуктарды сактоого багытталган.

Анын айтымында, заманбап медицинанын өнүгүшү жынысты коррекциялоо процедураларын жеткиликтүүрөөк кылып жаткан шартта бул маселе коомдо активдүү талкууга алынууда. Ошол эле учурда мыйзамдык жөнгө салуу технологиялык өнүгүүдөн артта калып, укуктук боштуктардын жаралышына алып келүүдө.

«Учурдагы мыйзамдарда медициналык маалымкаттардын негизинде жарандык абалдын актыларындагы жана паспорттордогу жынысы тууралуу маалыматтарды өзгөртүүгө мүмкүндүк берген укуктук негиздер бар. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору жарандык абалдын актыларында жана башка расмий документтерде биологиялык жынысы тууралуу жазууну өзгөртүүгө түздөн-түз тыюу салууну карайт», – деди Болот Сагынаев.

Депутат ошондой эле гендердик иденттүүлүккө байланышкан маселелер көп учурда салттуу руханий, диний жана адеп-ахлактык түшүнүктөр менен карама-каршылык жаратып келерин белгиледи.

Мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X