Жогорку Кеңеште аймактардагы көйгөйлөр көтөрүлдү

23-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 88

Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Ар кандай» саатында аймактардагы социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүштү.

Сузакта жол кеңейтүүдөн улам бузулган лабораториянын жаңы имаратын курууну тездетүү, Лейлектеги мектептердин курулушун жандандыруу сунушталды.

Балыкчыда жер алдындагы суулар көтөрүлүп, болжол менен 500 гектар жерди суу каптаганы айтылды. Тогуз-Тородо автовокзал куруу маселеси да көтөрүлдү.

Нарын облусунда айрым жол, мектеп жана маданий объектилердин курулушу токтоп калганы айтылып, аларды өз убагында каржылоо талап кылынды.Возможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей и текст

Мындан тышкары, депутаттар мектеп рэкетчилиги, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу, Таш-Көмүрдөгү стадионду мамлекеттик баланска өткөрүү, медициналык калдыктарды утилдештирүү жана аймактарда турак жай куруу маселелерине көңүл бурушту.

Ошондой эле Беш-Мойнок айылындагы 418 окуучу билим алган мектепке спорт зал куруу жана Кызыл-Кыяны өнүктүрүүгө бюджеттик каражаттарды көбөйтүү сунушталды.

23-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 88
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X