Жогорку Кеңеште ата мекендик сүт өндүрүүчүлөрдүн көйгөйү көтөрүлдү
Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында сүттүн сатып алуу баасы жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо маселеси талкууланды.
Жыйында Кыргызстандын аймактарында фермерлерден чийки сүттүн орточо сатып алуу баасы 32-50 сомду түзөрү айтылды. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев билдирди.
Депутаттар сүттүн фермерден сатып алынган баасы менен дүкөндөгү акыркы баасынын ортосундагы айырмага, ошондой эле ички рынокто импорттук продукциянын үлүшүнүн жогору экенине көңүл бурушту.
Депутат Уланбек Жаанбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстандагы сүт азыктары рыногунда импорттун үлүшү 64 пайызга жетет. Ал жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоону күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Ал эми Дастанбек Жумабеков жыл мезгилине карабастан сүттүн бирдиктүү сатып алуу баасын белгилөө сунушун көтөрдү. Анын айтымында, жаз-жай мезгилинде сүт көп болгондуктан, кайра иштетүүчү ишканалар сатып алуу баасын төмөндөтүп коюшат.
Депутаттар мындан тышкары сүт тармагына субсидия берүү, кайра иштетүүчү ишканаларды көбөйтүү, кластердик өндүрүштү өнүктүрүү, лабораториялык базаны күчөтүү жана жогорку өндүрүмдүү асыл тукум малдын санын көбөйтүү маселелерин көтөрүштү.
Гүлшаркан Култаева Кыргызстандын сүт продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн өндүрүштүн бардык баскычтарын көзөмөлдөөгө жана лабораториялык инфраструктураны жакшыртууга көңүл буруу керектигин айтты. Министрликтин өкүлү учурда кыргызстандык сүт продукциясы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна тоскоолдуксуз чыгып жатканын билдирди.
Бурул Аманова Россияга жана Казакстанга сүт азыктарын экспорттоо азайганын белгилеп, ошол эле учурда Россия менен Беларустан импорттун көбөйүшү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштык мүмкүнчүлүгүнө таасир берип жатканын айтты.
Ошондой эле Баткенде жана Таласта сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу үчүн инвесторлорду тартуу, жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен социалдык объектилердин ортосунда түз келишимдерди түзүү, сүт азыктарынын сапатын жана курамын көзөмөлдөө сунуштары айтылды.
Жыйында мындан сырткары Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген Кыргызстан менен Тоголез Республикасынын ортосундагы инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого алынды.