Жогорку Кеңеште эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтук маселеси каралды

15-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин кезектеги отуруму өттү. Жыйында эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтук учурларын кароо боюнча убактылуу нускаманын долбоору талкууланып, аталган багыттагы улуттук изилдөөнүн концепциясы сунушталды.

Отурумга Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бейөкмөт сектордун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Кеңештин жыйынын алып барган депутат Камила Талиева Эл аралык эмгек уюмунун №190 конвенциясын ишке ашыруу боюнча сунуштарын айтып, эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук менен куугунтукту жоюунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Анын айтымында, аталган конвенция Кыргыз Республикасы үчүн жөн гана эл аралык келишим эмес, жарандардын коопсуз, татыктуу жана зомбулуксуз эмгектенүү укугун камсыздоого өбөлгө түзгөн маанилүү документ болуп саналат. Ошондой эле депутат конвенцияны ратификациялоого көмөк көрсөткөн Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевге, кесиптештерине, Министрлер Кабинетинин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, Камила Талиева конвенцияны ишке ашырууда убактылуу нускаманын ролу өзгөчө экенин белгилеп, ал документ жумушчулардын укуктарын коргоонун түшүнүктүү жана жеткиликтүү механизмин камсыз кылган практикалык курал болушу керектигин айтты.

Жыйында эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтук фактыларын аныктоо боюнча улуттук изилдөө жүргүзүүнүн зарылдыгы да белгиленди. Депутаттын белгилешинче, ишенимдүү маалыматтарсыз натыйжалуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу мүмкүн эмес. Изилдөөнүн жыйынтыктары мыйзамдарды өркүндөтүүгө, алдын алуу чараларын күчөтүүгө жана жабырлануучуларды коргоо механизмдерин жакшыртууга негиз болот.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү да баяндама жасап, сунуш-пикирлерин ортого салышты.

15-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X