Жогорку Кеңеште мектептерге «FAST Heroes» долбоорун киргизүү маселеси талкууланды
Жогорку Кеңеште окуучуларга инсульттун алгачкы белгилерин таанып, өзгөчө кырдаалда туура аракет кылууну үйрөтүүгө багытталган «FAST Heroes» долбоорун Кыргызстандагы мектептерде ишке ашыруу демилгеси талкууланды.
23-сентябрда депутаттар Жылдыз Эгенбердиева, Токтобүбү Ашымбаева жана Нуржамал Төрөбекова билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарынын өкүлдөрү, эксперттер менен жолугушуп, долбоорду мектептерге киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Долбоордун алкагында балдар инсульттун негизги белгилерин — сүйлөөнүн бузулушун, беттин асимметриясын, кол же буттагы алсыздыкты таанып, тез арада медициналык жардам чакырууга үйрөнүшөт.
Депутат Жылдыз Эгенбердиева инсультта медициналык жардам канчалык эрте көрсөтүлсө, бейтаптын өмүрүн жана ден соолугун сактап калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору экенин белгиледи.
Талкууда долбоорду кыргызстандык мектептердин шарттарына ылайыкташтыруу, мугалимдерди даярдоо, окуучуларга маалыматты жаш өзгөчөлүгүнө жараша берүү жана ата-энелерди тартуу маселелери да көтөрүлдү.
Жыйынтыгында долбоорду пилоттук негизде ишке киргизе турган мектептерди аныктоо, мугалимдерди даярдоо жана Саламаттык сактоо менен Агартуу министрликтеринин катышуусунда ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу тапшырылды.
Ошондой эле ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, долбоордун натыйжалуулугун баалоо көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу сунушталды.