Жогорку Кеңеште өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын абалы талкууланды
Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча маалымат угулду.
Жыйында баяндама жасаган Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев мыйзам 2011-жылдан бери колдонулуп келе жатканын белгиледи.
Анын айтымында, мыйзамдын негизги максаты — эталондук жана уникалдуу жаратылыш комплекстери менен объектилерин сактоо.
Мусаевдин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда 10 мамлекеттик жаратылыш коругу бар. Алардын жалпы аянты 509 миң гектарды түзөт. Мындан тышкары, өлкөдө 724 миң гектар жерди ээлеген 13 мамлекеттик жаратылыш паркы жана 241 миң гектар аянттагы 64 майда корукча иш алып барат.
Талкуу учурунда депутат Джайлообай Нышанов мыйзам кабыл алынгандан бери ага кандай өзгөртүүлөр киргизилгенине кызыкты. Ошондой эле ал Беш-Арал мамлекеттик коругундагы Найза аймагында алтын кени иштетилип жатканы тууралуу маалыматтарды көтөрдү.
Министрдин орун басарынын билдиришинче, аталган кенге берилген лицензия былтыр жокко чыгарылган. Анын маалыматына ылайык, 200 гектар жер корукка кайра кайтарылган.
Ал эми депутат Медина Кайрылбекова Талас жана Бакай-Ата райондорундагы токой жерлеринин макамына көңүл бурду. Депутаттын айтымында, бул аймактарда туристтик жайларды куруу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда бир катар тоскоолдуктар жаралууда.
Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.