Жогорку Кеңеште шаарлардын экологиялык абалын изилдөө үчүн комиссия түзүлдү

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 112

Жогорку Кеңештин 24-сентябрдагы жыйынында Кыргызстандын шаарларынын экологиялык абалын изилдөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Комиссия түзүү тууралуу токтом долбоору «Ишеним» депутаттык тобунун демилгеси менен киргизилип, депутаттар тарабынан кабыл алынды.

Комиссиянын курамына депутаттар Бактыбек Чойбеков, Улан Сариев, Улукбек Узакбаев, Махабат Мавлянова, Чолпон Эсенаманова жана Алтынкуль Мурзакимова кирди.

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 112
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X