Жогорку Кеңеште «Стратегия 90: Эксперттик көпүрө» аянтчасы ишин баштады

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев «Стратегия 90: Эксперттик көпүрө» аталышындагы иш-чарага катышты.

Парламенттин имаратында өткөн жыйында коомдук-саясий ишмерлер жана ар түрдүү тармактагы эксперттер мыйзам чыгаруу ишин жакшыртуу, Жогорку Кеңештин ролун күчөтүү жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу багытындагы сунуштарын ортого салышты.

Төрага Марлен Маматалиев жаңы форматтагы диалог аянтчасы мамлекет менен интеллектуалдык коомчулуктун ортосундагы байланыштын жаңы баскычы экенин белгиледи.

«Ар бир мамлекет өзүнүн интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүнө таянганда гана туруктуу өнүгүүгө жетише алат. Бүгүнкү демилге эксперттердин пикирин угуу менен бирге өлкөнүн келечегине багытталган чечимдерди иштеп чыгууга өбөлгө түзөт», – деди ал.

Ошондой эле Төрага дүйнөдөгү өзгөрүүлөр, жасалма интеллект, санариптик технологиялар жана жаңы геосаясий шарттар мамлекеттик башкарууга жаңы талаптарды коюп жатканын белгилеп, парламент да заман талабына ылайык өзгөрүшү керектигин айтты.

«Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алган гана орган эмес, мамлекеттин келечегин көрө билген стратегиялык борбор болушу керек», – деп кошумчалады Маматалиев.

Анын айтымында, учурда мыйзамдардын саны эмес, алардын иш жүзүндө аткарылышы маанилүү.

«Жарандарды жаңы мыйзамдардын кабыл алынышы эмес, анын натыйжасы кызыктырат. Ошондуктан мыйзам чыгаруу процессин сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу – биздин башкы милдетибиз», – деди Жогорку Кеңештин Төрагасы.

Иш-чарага мамлекеттик башкаруу, улуттук коопсуздук, философия, дин саясаты, эл аралык мамилелер, стратегиялык коммуникациялар жана коомдук өнүгүү багыттарында иш алып барган эксперттер катышты.

Жолугушуунун алкагында адистер баяндамаларын жасап, мыйзам чыгаруу системасын өркүндөтүү жана өлкөнүн өнүгүү багыттары боюнча өз сунуштарын беришти.

Төрага «Стратегия 90: Эксперттик көпүрө» демилгеси келечекте өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсүнө багыт берген улуттук интеллектуалдык аянтчага айланарына ишеним билдирди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X