Жогорку Кеңеште «Уңгужол: учур жана келечек» аттуу конференция болду
Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынган «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» мамлекеттик уңгужолунун негизги жоболорун талкуулоого арналган «Уңгужол: учур жана келечек» аттуу илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чаранын максаты – мамлекеттик уңгужолдун маңызын илимий коомчулукка, жарандык коом өкүлдөрүнө жана жалпы коомчулукка жеткирүү, ошондой эле анын өлкөнүн өнүгүүсүндөгү маанисин талкуулоо болду.
Конференцияга Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев, депутаттар Айсаракан Абдибаева, Айгүл Ахмедова, Токтобүбү Ашымбаева, Исманали Жороев, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, эксперттер, коомдук ишмерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Иш-чараны ачып жатып Медербек Алиев бүгүнкү технологиялар жана жасалма интеллект өнүгүп жаткан шартта мамлекеттин туруктуу келечеги улуттук баалуулуктарга, тарыхый мураска жана коомдун биримдигине таянуу менен түзүлөрүн белгиледи.
Анын айтымында, конференциянын негизги максаты – «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» мамлекеттик уңгужолун ишке ашыруунун алкагында улуттук өнүгүүнүн стратегиялык багыттарын талкуулоо, коомдук аң-сезимди бекемдөө жана мамлекеттүүлүктүн идеологиялык негиздерин чыңдоо болуп саналат.
Конференциянын жүрүшүндө тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов «Уңгужол – улуттук өнүгүүнүн идеологиялык башбагыты» аттуу баяндама жасап, жалпы улуттук идеологиянын мамлекеттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүндөгү ролуна токтолду.
Ошондой эле философия илимдеринин доктору, Философия институтунун директору Нур Саралаев «Уңгужол дүйнөлүк процесстин контекстинде» деген темада баяндама жасап, мамлекеттик уңгужолдо улуттук жана глобалдык өнүгүү багыттары өз ара байланышта каралганын белгиледи.
Мындан тышкары, иш-чарада «Уңгужол: Кыргыз коомундагы адамдын орду», «Уңгужол жана үй-бүлөлүк баалуулуктар» сыяктуу темалар боюнча баяндамалар жасалып, документтин негизги багыттарын ишке ашыруу маселелери талкууланды.