Жогорку Кеңештин Аппаратында кызматтык тартипти бекемдөө маселеси көтөрүлдү
Жогорку Кеңештин Аппаратынын ишин жакшыртуу, кызматтык тартипти бекемдөө жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу маселелери талкууланды.
Жыйын Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиевдин жетекчилиги алдында өтүп, ага Төраганын орун басары Болот Ибрагимов, Аппарат жетекчиси Алмасбек Абытов, бөлүм башчылар жана катчылыктардын жетекчилери катышты.
Медербек Алиев Аппарат кызматкерлерин коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөгө, каржылык документтер менен иштөөдө тактык жана жоопкерчиликти күчөтүүгө чакырды. Ошондой эле мамлекеттик кызматтагы этикалык талаптарды так сактоо зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, кызматкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган укуктук базаны мындан ары да бекемдөө маселесине көңүл бурулду.
Өз кезегинде Болот Ибрагимов Аппараттын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мыйзам чыгаруу ишинин сапатын жакшыртуу жана кызматтык тартипти бекемдөө боюнча сунуштарын айтты.
Жыйындын соңунда Аппарат жетекчиси Алмасбек Абытов айтылган сунуштарды эске алуу менен тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.