Жогорку Кеңештин депутаттары «Алтын сертификаттын» ээси Арина Ниязалиева менен жолугушту
25-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Эсенаманова, Талайбек Масабиров жана Улукбек Узакбаев Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) 231 упай топтоп, «Алтын сертификатка» ээ болгон Кара-Балта шаарындагы №6 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Арина Ниязалиева менен жолугушту.
