Жогорку Кеңештин депутаттары Шамалды-Сай шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушту

22-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 107

22-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Райимберди Дуйшенбиев жана Гүлшаркан Култаева Ноокен районундагы Шамалды-Сай шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү, ошондой эле шаар тургундарын түйшөлткөн актуалдуу маселелер талкууланды. Шаардык кеңештин депутаттары өздөрүнүн сунуштарын айтып, шаарды өнүктүрүүгө байланышкан демилгелерин ортого салышты.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаттары Шамалды-Сай шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилешип, инфраструктураны жакшыртуу, социалдык объектилерди оңдоо, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытындагы көз караштары менен бөлүштү.

Жолугушууда көтөрүлгөн маселелер кеңири талкууланып, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору жана алдыдагы иштердин негизги багыттары аныкталды. Катышуучулар мындай жолугушуулар Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештердин өз ара кызматташуусун бекемдеп, аймактарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди натыйжалуу ишке ашырууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

22-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 107
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X