Жогорку Кеңештин комитети эки мыйзам долбоорун колдоду
Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында эки мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.
Биринчи болуп «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору талкууланды.
Демилгечи — Жогорку Кеңештин депутаты Азамжан Жалилов.
Комитет төрайымы Гульнара Акимбаева мыйзам долбоору мамлекеттик башкарууну санариптештирүү шартында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандардын ортосундагы өз ара байланышты жакшыртуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.
Сунушталган өзгөртүүгө ылайык, жаран электрондук кайрылуу жөнөткөн учурда, эгерде өзү башка жооп берүү формасын талап кылбаса, ага электрондук жооп берүү артыкчылыктуу болот.
Ошондой эле комитетте «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору да экинчи окууда каралып, колдоого ээ болду.
Демилгечилердин катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Медер Чотонов, Медина Кайрылбекова, Гүлнара Баатырова, Дастан Бекешев, Табылды Муратбеков, Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков, Исманали Жороев, Бактыяр Калпаев, Гүлжан Сатиева, Айгүл Карабекова, Марлен Маматалиев жана Азамжан Жалилов бар.
Мыйзам долбоору саясий мамлекеттик, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө түзүлүүчү жардамчыларга коюлган иш стажы боюнча квалификациялык талаптарды алып салууну көздөйт.
Мындай жардамчынын кызматы административдик кызматтын өзгөчө түрү — патронаттык кызмат орду болуп саналат.
Жыйында Башкы прокуратуранын өкүлү мыйзам долбоору боюнча корутундуда мамлекеттик кызматка кабыл алууда жана кызматтык өсүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөр принцибин сактоо зарылдыгы белгиленгенин билдирди.
Ал эми мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Исманали Жороев, экинчи окууда айтылган сын-пикирлер жана сунуштар эске алынганын маалымдады.
Талкуу учурунда депутат Чынгыз Ажибаев административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү тартибине байланыштуу суроо берип, тиешелүү түшүндүрмөлөрдү алды.
Жыйынтыгында эки мыйзам долбоору тең экинчи окууда комитет мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болду.