Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Алай районунун тургундары менен жолугушту
Бүгүн, 14-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Алай районунун борбору Гүлчө шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, калктын жашоо-шарты жана жергиликтүү маанидеги көйгөйлөр талкууланды. Төрага тургундардын суроолоруна жооп берип, көтөрүлгөн маселелерди чечүү жана аймакты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин белгиледи.
Ошондой эле Марлен Маматалиев алдыдагы мезгилде калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу жана аймактагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган иштер тууралуу маалымат берди.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Улукбек Примов, Таалайбек Сарыбашов, Бакыт Эргешов, Назира Торобекова, ошондой эле облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана Гүлчө шаарынын тургундары катышты.