Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен МаматалиевНуры Голлиев менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, парламенттер аралык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.
Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан боордош Түркмөнстан менен бардык багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ал соңку жылдары эки өлкөнүн жетекчилеринин аракети менен мамлекеттер аралык алакалар активдүү өнүгүп жатканын айтты.
Мындан тышкары, парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп, бул жаатта жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Ошондой эле жакында Санкт-Петербург шаарында Дуньягозель Гулманова менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулаганын билдирди.
Жолугушууда соода-экономикалык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселеси да көтөрүлдү. Төрага эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, биргелешкен экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын айтты.
Ошондой эле тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алмашышты. Марлен Маматалиев быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары иш-чарасына түркмөн элин жана спортчуларын катышууга чакырды.
Өз кезегинде элчи Нуры Голлиев жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-түркмөн мамилелерин, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле элчиликтин ишмердүүлүгүнүн алкагында эки өлкөнүн байланышын чыңдоого багытталган бир катар демилгелер ишке ашырылып жатканын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүдө эки тараптуу иш сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул багыттагы сунуштарын ортого салышты.