16-мартта Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биргелешүүсүндө жогорку окуу жайлардын басма сөз кызматкерлери үчүн тренинг өткөрүлдү.
Окутуу программасына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Доктургүл Кендирбаева, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, университеттин проректорлору профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, ректордун кеңешчилери профессор Режаи Доган, профессор Серхат Бурмаоглу жана Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын басма сөз кызматкерлери катышты.
Эки сессиядан турган тренингде “Манас” университетинин окутуучулары жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен эксперттер басма сөз кызматкерлерине маалыматтарды беришти.
Тренингдин биринчи отурумунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучулары ф.и.к Гүлзада Станалиева “Кантип мыкты PR текст жазса болот?” жана Доц.док. Эрдоган Акман “Кабар жазуу техникаларында жана кабар жазууда жаңы тренддер” темасында презентация жасашты. Ошондой эле медиа эксперт Тагжана Айдаралиева “ЖОЖ үчүн PR стратегия” темасында тренинг өтсө, ал эми Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти Ширин Костюк “Стоп эфир! Эфирде кандай алып жүрүү керек?” темасында маалыматтар менен бөлүштү.
Ал эми экинчи отурум Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Басма сөз жана коомчулук менен байланыш директору, Док.Гөкжан Челиктин “Социалдык медианы өздөштүрүү: контент жана стратегиянын негиздери” аттуу презентациясы менен башталып, андан соң КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Үмөталиева тренингдин катышуучуларына “Кризис? Коркунучпу же мүмкүнчүлүкпү? Кризис маалындагы коммуникация” темасында презентация жасады.
Иш-чаранын соңунда окутуучулук курамга ыраазычылык кат жана катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.