Жогорку соттун төрагасы Ысык-Көлдө: Сот адилеттигинде сапат жана бирдиктүү практика — башкы талап
2026-жылдын 20-февралында КРнын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барып, аймактагы жергиликтүү соттордун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына арналган кеңешмеге катышты.
Кеңешмеге Жогорку соттун судьялары Нурланбек Атаназаров, Айбек Молдакунов, Айнаш Токбаева, төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов, ошондой эле Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев жана жергиликтүү сот органдарынын өкүлдөрү катышышты.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы апелляциялык тартипте 870 иш каралган. Алардын ичинен 413 иш кассациялык тартипте даттанылып, 312си же 75,54 пайызы күчүндө калтырылган. Ал эми 94 иш (22,76%) жокко чыгарылып, 7 иш (1,69%) өзгөртүлгөн.
Салыштыруу үчүн айтканда, 2024-жылы апелляциялык тартипте 1260 иш каралып, анын 370и кассациялык тартипте даттанылган.
Жалпылоо иштеринин алкагында 2025-жылдын алты айлыгында 11 кылмыш иши изилденип, төрт даттануу жана Кылмыш-жаза кодексинин 193-беренесине ылайык 879 материал талдоодон өткөрүлгөн. Жалпысынан 175 иш жалпыланган.
Кылмыш-жаза багыты боюнча биринчи инстанциядагы сотторго калдыгы менен 8268 иш түшкөн. Бул көрсөткүч 2024-жылдагы 7047 ишке салыштырмалуу өсүштү көрсөтөт. Түшкөн иштердин ичинде 1016 кылмыш иши, 4004 укук бузуу иши, 203 соттук материал, 2905 сотко чейинки өндүрүш материалы жана 140 укук бузуу материалы бар.
Облустук сотто 851 иш каралып, өткөн жылга салыштырмалуу 76 ишке көп болгон. Апелляциялык тартипте 135 иш 177 адамга карата каралып, бул көрсөткүч 14 ишке азайган.
Жарандык жана экономикалык иштер боюнча биринчи инстанцияга 9811 доо арыз жана 1477 материал түшүп, жалпысынан 10 943 иш жана 1506 материал каралган. Апелляциялык инстанцияда 600 иш каралып, көрсөткүч 41,6 пайызга төмөндөгөн.
Административдик багытта 493 иш жана 58 материал түшүп, алардын 427 иши жана 56 материалы каралган. Апелляциялык инстанцияда 103 иш каралып, бул көрсөткүч 26 пайызга азайган.
Сот системасын санариптештирүү багытында да иштер уланууда. Сот залдары аудио-видео жаздыруу системалары менен жабдылып, QR-код аркылуу 184 пикир келип түшкөн.
Кеңешмеде сөз сүйлөгөн Медербек Сатыев сот чечимдери мыйзамга гана негизделип, объективдүү жана жүйөлүү болушу зарылдыгын белгиледи. Ал соттук практиканын бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу мыйзам үстөмдүгүнүн негизги шарты экенин баса көрсөттү.
Жыйынтыгында төрага сот органдарынын ишинде ыкчамдуулук, сапат жана натыйжалуулук негизги талап бойдон кала берерин белгилеп, аймактык соттордун ишин мындан ары да күчөтүү зарылдыгын айтты.