Жол чарба департаментине жаңы директор дайындалды

20-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 130

Уланбек Султанов Жол чарба департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Тиешелүү тескемеге Адылбек Касымалиев кол койгон.

Уланбек Султанов эмгек жолун 2006-жылы Кыргызжолтрансдолбоор институтунда баштаган.

Ал жол инженери багытында бир катар мамлекеттик квалификациялык сертификаттардын, сыйлыктардын жана ардак грамоталардын ээси.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X