Жол эрежесин бузуу боюнча 1 жумада 30 миңден ашык учур катталды

2-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, 23-февралдан 1-мартка чейин өлкө аймагында 30 миң 952 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Маалыматка ылайык, 15 002 учур башка жол эрежелерин бузууга байланыштуу болгон. Ошондой эле 4 819 айдоочу транспорт каражаттарын эксплуатациялоо тартибин сактаган эмес. 3 149 киши тийиштүү документтери жок унаа башкарса, бат ылдамдыкта унаа башкарган 3 146 учур катталган.

Мындан тышкары, 966 жөө жүргүнчү жол эрежесин бузган. Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу боюнча 153, мас абалында айдоо боюнча 114, авто ээнбаштык боюнча 25, жалган мамлекеттик номур колдонуу боюнча 11 факт катталган.

Ар кандай эреже бузуулар үчүн 3 567 автоунаа айып короо жайына киргизилген.

2-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X