Жол эрежесин бузуудан бюджетке 35,2 млн сом өндүрүлдү
Милициянын кайгуул кызматынын тараткан маалыматына ылайык, кайгуул кызматкерлери тарабынан 3 айда жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча 90 миң 807 бузуулар жөнүндө протокол толтурулуп, мамлекеттик бюджетке 35 млн 207 миң 600 сом өндүрүлгөн.
— автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо — 604 ;
— мас абалында автоунаа башкаруу — 899;
— автоээнбаштык — 9;
— автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо — 204 ;
— коопсуздук курун тагынбай автоунаа башкаруу — 23 миң 727;
— токтоо эрежелерин бузуу. Тыюу салынган жерлерде автоунааларды токтотуу — 50 миң 964;
— жөө жүргүнчүлөрдүн жана велосипедчендердин жол эрежесин бузуусу — 3 843;
-туура эмес токтотуулар үчүн — 50 миң 964;
— башка жол эрежелерин бузуулар — 23 миң 727.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 миң 47 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.
Ошондой эле 3 ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан «102» линиясы боюнча 15 миң 557 чакыруу ыкчам жана сапаттуу тейленген.
Алардын ичинен;
— жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген жарандар — 4 497;
— “Коломто” муниципалдык жайына жеткирилгендер — 286;
— тилемчилик — 108.