Жол курулушунда сапат жана коопсуздук талаптары күчөтүлдү
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев иш сапарынын алкагында Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, сел жана тоодон түшүүчү таш көчкүлөрдөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулуш иштерин көрүп чыкты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү мекеме-ишканалардын жана подряддык уюмдардын жетекчилерине курулуш иштерин бекитилген мөөнөттө жана сапаттуу аяктоо, техникалык талаптарды так сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана объектилердеги көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, министр курулуш иштеринин жүрүшүнө үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү жана берилген тапшырмалардын өз убагында аткарылышын камсыздоону милдеттендирди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана курулуш иштеринин сапатын жогорулатуу министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда.