"Эркин-Тоо"

Жол тейлөө ишканасынын жооптуу адамдары 3,7 млн сомду кымырып алган

Жалал-Абадда Жол тейлөө ишканасынын жооптуу адамдары 3,7 млн сомду кымырып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык прокуратурасы тарабынан “Кыргызавтожол” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад филиалынын №30 Жол-тейлөө ишканасында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарын кыянатчылык менен пайдаланып, Бишкек-Ош автожолунун 392-396-чакырымында жолго асфальт төшөө жумуштарын аткарууда долбоорлоо-сметалык документтерде көрсөтүлгөн суммадан 3 млн 714 миң 582 сомго ашыкча жумуш аткарылгандыгы тууралуу актыларды жасалмалашып, акча каражаттарын өзүнүн кызыкчылыктарына иштетип жиберишкендиги аныкталган.

Ал эми Жол чарба департаментинин №6 аймактык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан тиешелүү түрдө текшерилбей туруп аткарылган жумуштардын актылары кабыл алынып, натыйжада мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергелүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!