Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов Будапешттеги рейтингдик турнирге катышат
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтө турган эл аралык рейтингдик турнирге катышат.
Мелдеш 16–20-июль күндөрү өтүп, дүйнөнүн алдыңкы балбандарын чогултат.
Кыргызстандын атынан төмөнкү спортчулар күч сынашат:
- Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
- Автандил Таалайбек уулу (63 кг);
- Раззак Бейшекеев (72 кг);
- Алибек Бердиев (77 кг);
- Акжол Махмудов (82 кг);
- Ырыскелди Максатбек уулу (82 кг);
- Асан Жанышев (87 кг);
- Узур Жусупбеков (97 кг);
- Нурболот Токтогонов (130 кг);
- Эрлан Манатбеков (130 кг).
Курама команданы башкы машыктыруучу Улук Карачолоков жана улук машыктыруучу Арсен Эралиев жетектейт.
Бул рейтингдик турнир сезондогу маанилүү эл аралык мелдештердин бири болуп саналат. Анда кыргызстандык балбандар рейтингдик упай топтоп, эл аралык таймаштарда тажрыйбасын арттырууга жана алдыдагы чемпионаттарга даярдыгын текшерүүгө мүмкүнчүлүк алышат.