Жолдон интернетке чейин: Жогорку Кеңеште депутаттар бир катар маселелерди көтөрүштү

7-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 110

Бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Ар кандай» саатында аймактардагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү көтөрүп, тиешелүү органдарды бир катар маселелерди тез арада чечүүгө чакырышты.

Депутат Махабат Мавлянова Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүндөгү Бишкек–Ош–Раззаков жолунун айрым тилкелерине тротуар куруу, суу агызуучу лотокторду орнотуу жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдү уюштуруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Меркит айылын таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана спорт зал куруу маселесин көтөрдү. Мындан тышкары, кичи ГЭСтерди курууда экологиялык тобокелдиктерди эске алуу керектигин айтты.

Ал эми Сеидбек Атамбаев Кашка-Суу жана Малиновка айылдарында №265 каттамды калыбына келтирүү, Кашка-Суудагы аялдаманы талапка ылайыкташтыруу маселелерине токтолду. Депутат «Мадина» базарындагы өрттөн жабыркаган ишкерлерге жардам көрсөтүү зарылдыгын да белгиледи.

Нуржамал Торобекова Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Анын ичинде Топ-Терек айылындагы көпүрөнү куруу жана Медресе айылындагы ички жолдорду оңдоо маселелерин көтөрдү.

Бекмурза Эргешов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгына караштуу Биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлеринин эмгек шарттарына көңүл бурду. Анын айтымында, аңчы адистердин айлыгы 22–25 миң сомдун тегерегинде болсо, егерлер 18 миң 400 сом алышат. Депутат бул маселени чечүү боюнча протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады.Возможно, это изображение отдел новостей

Эркеайым Сейтказиева Ысык-Ата районундагы Узун-Кыр айыл аймагынын Рухий-Мурас-2 конушундагы турак жайлардын 80 пайызы жер мунапысы аркылуу мыйзамдаштырылганын билдирди. 3 миңдей тургуну бар конуштун макамын аныктап, социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Таалайбек Сарыбашов Алай районунун Күн-Элек айылындагы №35 Сатар Кариев атындагы мектептин актовый залын куруу иштерин аяктоо маселесин көтөрдү. Ошондой эле Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнө караштуу Учкун айылында бала бакча куруу зарылдыгын айтты.

Бишкектеги жол тыгындары да депутаттардын көңүл сыртында калган жок. Жайлообай Нышанов борбордогу жол куруу жана оңдоо иштерин тездетип, белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүүгө чакырды. Ошондой эле скутер, мопед жана велосипеддердин көбөйүшү жол кыймылынын коопсуздугуна жаңы тобокелдиктерди жаратып жатканын айтып, көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады.

Медер Чотонов дыйкандарды минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо маселесин көтөрүп, аларды өндүрүүчү завод куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тиешелүү министрликтерге сунуштады. Мындан тышкары, айрыкча аймактардагы мектептерде интернеттин сапаты начар экенин айтып, бул мугалимдердин электрондук системаларды колдонушуна тоскоол болуп жатканын белгиледи.

Ал эми Адилет Белеков административдик-аймактык реформадан кийин шаарлардын курамына кошулган айрым айылдардын макамы дагы деле такталбай жатканын айтты. Атап айтканда, Балыкчы шаарындагы Орто-Токой, Таш-Сайрай жана ДЭУ-2 айылдарынын макамы аныктала электигине токтолду. Ошондой эле айыл өкмөттөрүнүн штаттык түзүмүнө байланышкан маселелерди чечүү зарылдыгын белгиледи.

Айгүл Карабекова мектептердин айланасындагы транспорттук инфраструктурага көңүл бурууга чакырды. Айрыкча айыл жерлеринде тротуарлардын жоктугу балдардын унаа жүрүүчү жолдун боюнда басуусуна алып келип жатканын айтып, мектептердин жанындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорду жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында Жаныбек Аматов жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарын каттоого алуу, укук белгилөөчү документтерди берүү жана коммуналдык кызматтарга кошуу маселелерин көтөрдү. Депутат тиешелүү органдарды бул процесстерди тездетүүгө чакырды.

Ошентип, бүгүнкү жыйында депутаттар аймактардагы жол, суу, транспорт, билим берүү, интернет, турак жай жана социалдык инфраструктурага байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп, аларды чечүү боюнча тиешелүү органдарга сунуштарын беришти.

7-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 110
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X