Жолдошбек уулу Бекжан: Заманбап технологиялар  иштин сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берди

6-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 102

Кыргызстандын шаарларынын, айыл-кыштактарынын жайгашуусунун архитектурасы, мамлекетибиздин жүзү. Жылдардын өтүшү менен архитектура тармагында дагы көптөгөн өзгөрүүлөр болуп, архитекторлорго талап-тапшырмалар өсүүдө. Алар бир нече жылдарды кучагына камтыган мезгилде аткарылууга тийиш болгон башкы пландарды түзүшүп, бараандуу максаттардын үстүндө иштеп келишет. Чаткал райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси-башкы архитектору Жолдошбек уулу Бекжан менен болгон маегибизде ушул кесиптин ээлери аткарып жаткан жоопкерчиликтүү милдеттер жана ийгиликтер туурасында төмөнкүлөрдү айтып берди.

— Бекжан мырза,  өзүңүз жетектеген башкармалыктын тарыхы-таржымалы тууралуу айтып берсеңиз?

— Биздин башкармалыктын тарыхы терең,  ары мазмундуу.   1982-жылдан 1992-жылга чейин Эл депутаттарынын аткаруу комитетинин алдындагы архитектуралык бюро болгон, 1992-жылы декабрь айында өз алдынча архитектура башкармалыгы болуп түзүлгөн. Мекеменин түптөлүү жана өнүгүү жылдарында анын ишмердүүлүгүнө төмөнкү жетекчилер кызмат кылышкан.

Районубуздун ардактуу атуулу Култаев Болот архитектура кызматынын алгачкы жетекчиси болуп эмгектенген. Андан кийин мекемени өнүктүрүүгө Жумагулов Мукан да өз салымын кошуп, жетекчилик кызматты аркалаган. 1993–2010-жылдары — Нармырзаев Бакы архитектура тармагын жетектеп, мекеменин калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон. 2010–2024-жылдары — Сейталиев Жапар жетекчилик кызматты аркалап, шаар куруу жана архитектура жаатындагы иштердин үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыздаган. 2024-2025-жылдары — Төлөгөнов Бектурсун жетектеп, мекемени заман талабына ылайык келтирүүгө көп эмгегин жумшаган.

Бүгүнкү күндө Чаткал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы катары мекеменин ишмердүүлүгүн заман талабына ылайык өнүктүрүү багытында эмгектенип келе жатам. Райондогу ардактуу кесип ээлери, архитекторлор архитектура башкармалыгы түзүлгөн күндөн бери аймактагы шаар куруу, айыл аймактардын инфраструктурасын көрктөндүрүү жана архитектуралык өнүгүүсүнө салым кошуп, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүшүүдө.

— Бүгүнкү күндө аймактардын башкы планын иштеп чыгуу актуалдуу маселеге айланды. Райондо калктын суроо-талабын орундатуу боюнча кандай иштер аткарылууда?

— Чаткал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан калкка мамлекеттик архитектуралык-курулуш кызматтарын көрсөтүү үзгүлтүксүз камсыздалып, 2025-жылдан тартып азыркы күнгө чейин жалпысынан  548  жарандан арыз-кайрылуулар келип түшүп, алардын бардыгы мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө каралууда. Акыркы 5 жыл ичинде Чаткал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жалпы 597 арыз келип түшкөн. Анын ичинен 2021-жылы 79 арыз, 2022-жылы 91 арыз, 2023-жылы 72 арыз, 2024-жылы 89 арыз, ал эми 2025-жылы 266 арыз катталган. Ал эми 2026-жылы 6 айда 282 арыз катталган. Бул көрсөткүчтөр жылдан жылга башкармалыкка болгон кайрылуулар көбөйүп жатканын көрсөтөт.

Акыркы мезгилде шаар куруу жана архитектура тармагын өнүктүрүү, жарандарга сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча бир катар иштер аткарылды. Башкармалык тарабынан жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылуулары мыйзам талаптарына ылайык өз убагында каралып, архитектуралык-пландоо тапшырмалары, шаар куруу багытындагы корутундулар, макулдашуулар жана башка тиешелүү документтер даярдалууда. Райондун аймагындагы курулуш объектилери боюнча жеринде кароо жана инженердик-геодезиялык иштер жүргүзүлүп, жер пайдалануу жана курулуш мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча тиешелүү иштерди колго алып жатабыз. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик мекемелер менен тыгыз кызматташтыкта райондун аймагын пландаштыруу жана өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгында, башкармалык тарабынан шаар куруу жана архитектура тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, жарандарга сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана райондун туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо багытында натыйжалуу иштер жүргүзүлүп жатат.

— Материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча жетишкендиктер кандай болууда?

— 2025-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Чаткал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча төмөнкүдөй иштер аткарылды:

Башкармалык үчүн жаңы административдик имараттын курулуш иштери белгиленген тартипте жүргүзүлүүдө. Жаңы имарат кызматкерлер үчүн заманбап эмгек шарттарын түзүүгө жана жарандарды сапаттуу тейлөөгө багытталган.

Инженердик-геодезиялык жана топографиялык иштерди заманбап технологиялардын негизинде жүргүзүү максатында жогорку сапаттагы аэрофототартуу жана топосъёмка жүргүзүүгө ылайыкталган жаңы учкучсуз учуучу аппарат (дрон) сатылып алынды. Бул жабдуу жер кыртышын так өлчөө, картографиялык материалдарды даярдоо жана долбоорлоо иштеринин сапатын бир топ жакшыртууга мүмкүндүк берди.

Башкармалык жаңы кызматтык автоунаа менен камсыздалып, райондун алыскы аймактарына өз убагында чыгуу, курулуш объектилерин жеринде кароо, инженердик-геодезиялык иштерди жүргүзүү жана жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгү кыйла жогорулады.

Кызматкерлердин ишин санариптештирүү жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жаңы компьютерлер, көп функциялуу принтерлер жана башка оргтехникалар сатылып алынып, кызматкерлердин иш орундарын заманбап техникалар менен камсыздоо иштери жүргүзүлдү.

Материалдык-техникалык базанын жаңыланышынын натыйжасында башкармалыкта көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапаты жана ыкчамдыгы жогорулап, инженердик-изилдөө, долбоорлоо жана шаар куруу багытындагы иштерди аткаруунун натыйжалуулугу кыйла жакшырды.

Бекжан мырза, маанилүү маегиңиз үчүн рахмат. Сизге бекем ден соолук, жемиштүү ийгиликтерди каалайбыз.

Чаткал райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын жамааты жогоруда маалымдаганыбыздай  учурдун архитектура багытына жолдонуп жаткан жооптуу аракеттерин ийгиликтердин коштоосунда жүргүзүп жатышат. Заманыбыздын талабын  так аткарып жатышкан архитекторлорго жана башкы архитектор Жолдошбек уулу Бекжан мырзага күч кубат, чарчабаган дарамет каалайбыз.

Раиса Дүйшөнбекова

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X