Жолдошбек уулу Белекбек: «Айлык акынын жогорулашы жаш адистерди муниципалдык кызматка тартууга өбөлгө түзөт»
Чыныгы жетекчи эл оозуна алынат. “Калк айтса калп айтпайт” – дейт кеменгер элибиз. Бул жолку маектешим касиеттүү кара Кочкор аймагынын күн батыш аймагындагы Талаа-Булак айыл өкмөтүн көптөгөн жылдар бою жетектеп келсе, административдик аймактык реформадан кийин ушул эле аймактагы эң ири Кара-Суу айыл өкмөт башчысынын орун басары, жакындан тарта аталган айыл өкмөт башчысынын милдетин аткарууга киришкен чагы. Улуу-кичүүгө бирдей алынып, жетекчиликтин миң түрлүү “ыры менен сырын” тулку боюна “сиңирип алган” мындай башчы менен маектешүү кудум эң бийик посттордогу жетекчилерден маек алгандай туюлду. Эмесе, чечкиндүүлүк жүрүшкө ээ жергиликтүү жетекчинин бул маеги биздин окурмандарды да кайдыгер калтырбаса керек…
Белекбек мырза, 23-июнь мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 1-сентябрдан тарта ушул тармактагы эмгектенгендердин айлык акысына иштин татаалдыгы жана натыйжалуулугу үчүн берилүүчү кошумча акы 50%га көтөрүлөрүн, мындан тышкары ай сайын дагы 15 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм берилерин жар салды. Мындай жагымдуу кабарды уккан кесиптештериңиз жетине албай жатышса керек. Алгач кепти сүйүнүчтүү жаңылыктан баштасак…
– Бул жаңылыкты биз, жалпы эле муниципиалдык тармакта эмгектенген кызматкерлер дагы “терибизге батпай” сүйүнүп, чоң кубаныч менен кабыл алдык. Анткени, түпкүлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери калк менен күн сайын түз иш алып барышып, көптөгөн социалдык, экономикалык жана уюштуруучулук маселелерди чечүүгө катышат. Алардын эмгеги көп учурда сырттан көрүнбөгөнү менен жоопкерчилик өтө чоң. Ошондуктан, мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн мындай колдоо өз убагындагы абдан маанилүү чечим болду деп эсептейм. Айлык акынын көбөйүшү кызматкерлердин материалдык абалын жакшыртып гана тим болбостон, жаш адистерди муниципиалдык кызматка тартууга дагы жакшы шарт түзөт. Өзгөчө алыскы жана бийик тоолуу аймактарда кадр маселеси курч болуп келген. Муниципалдык кызматкерлердин айлык маяналарынын көтөрүлүшү эми бул көйгөйдү чечүүгө жардам берет деген ишеничтебиз.
– Учурда бийик тоолуу аймак категориясы астына кирген сиздердин айыл өкмөттөгү кызматкерлердин орточо маянасы канчага чамалап калды?
– Биздин айыл аймак бийик тоолуу категорияга киргендиктен, мыйзамда каралган айрым кошумча төлөмдөр берилет. Ошого карабастан кызматкерлердин айлык акысы чоң эмес. Учурда орточо эмгек акы кызмат ордуна, эмгек стажына жана квалификациясына жараша колуна алганы болжол менен 35 миңден 45 миңге чейин жетет.
– Кочкор районунун күн батыш аймагындагы тажрыйбалуу жетекчи катары ысымыңыз көптөн бери эл оозунда айтылып келет. Райондогу ири айыл аймактын башчысы катары жетекчилик кылган айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу боюнча пландарыңыз барбы?
– Айыл аймакты дотациядан чыгаруу ар бир жетекчинин негизги максаттарынын бири болушу керек. Биз дагы бул багытта бир катар иштерди жүргүзүп жатабыз. Биринчи кезекте жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү зарыл. Бул үчүн айыл аймагындагы ишкердикти өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө көңүл буруудабыз. Мындан сырткары, жергиликтүү төлөмдөрдүн жыйналышын жакшыртуу боюнча да иштер жүрүүдө. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү чакан ишканаларды ачуу жана кызмат көрсөтүү тармагын кеңейтүү дагы бюджеттин кирешесин көбөйтүүгө жардам берет. Албетте, дотациядан чыгуу колуңда “сыйкырдуу таягың” болбогон соң бир жылда ишке аша турган маселе эмес. Бирок, акырындык менен экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, өз алдынча каржыланууга жөндөмдүү айыл аймакты түзүүгө иштерди жүргүзүп жатабыз. Мисалы, айыл өкмөттүн аймагындагы Орток айылына 455 га жер аянтына күн электр станциясын куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Алдыда КЭС (күн электр станциясы) курулса айыл аймакта 100 жаңы жумушчу орун түзүлөт жана 325 МВт электр энергиясын өндүрүп чыгат. Буга удаа тапкан кирешенин 1%ы жергиликтүү бюджеттин эсебине которулат. Биздин болжолдуу эсебибиз менен жергиликтүү казыналык эсебибизге 30 млн сом түшөт деген планыбыз бар. Бул долбоордун жалпы наркы 300 млн долларды түзмөкчү.
– Кара-Суу айыл өкмөтүнүн курамындагы айылдар кооз жаратылыштуу, өзгөчө бийик тоолуу, көркөмү көз тайгылткан бейиштин төрү экендиги белгилүү. Мындай аймакка алыс-жакындан келе турган туристтерди тартуу боюнча кандай пландарыңыздар бар? Негедир бул жаатта ишиңиздер кашаң жүрүш менен коштолуп жаткан жокпу?
– Кара-Суу айыл аймагынын табияты чындап эле өзгөчө. Бийик тоолор, кооз жайлоолор, таза аба, тунук булактар туристтер үчүн чоң кызыгууну жаратат. Биз бул мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланууга аракет кылып жатабыз. Ошондой эле жеке ишкерлер менен кызматташып, конок үйлөрдү жана туристтик кызматтарды өнүктүрүүгө көңүл буруудабыз. Албетте, айрым учурда каржы маселесинин тартыштыгы ишти ылдамдатууга таасир этет. Бирок, бул багытта токтоп калган жокпуз. Туризм айыл аймактын экономикасын көтөрө турган негизги тармактардын бири экендигин көрүп, алдыдагы жылдарда бул жаатта жакшы пландарыбыз бар. Тагыраагы, Кыргызстанда ак илбирсти коргоо уюму тарабы жана Сөөк жамааты менен сүйлөшүү иштери жүргүзүлүүдө.
– Жетекчи катары алдыңкы 3 жылдыкка карата кандай пландарыңыз бар? Мал чарбачылыгын колдоо багытында атайын программа иштелип чыкканбы?
– Алдыдагы үч жылга карата биздин негизги максат айыл элинин жашоо сапатын жакшыртуу жана айыл аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Бул багытта таза суу маселесин чечүү, ички жолдорду оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, социалдык объектилерди жаңылоо жана жаңы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда. Мал чарбачылыгы биздин айыл аймактын негизги киреше булагы болуп саналат. Ошондуктан, бул тармакка өзгөчө көңүл бурулат. Жайыттарды натыйжалуу пайдаланып, өзгөчө асыл тукум малдын санын көбөйтүү, ветеринардык кызматтын сапатын жакшыртуу жана мал чарба продукцияларын кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча дагы пландарыбыз бар. Биздин негизги максат айыл элинин кирешесин көбөйтүү, жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана Кара-Суу айыл өкмөтүн өнүккөн айыл аймагына айландыруу айныгыс асыл максаттарыбыздын бири экендигин ишенимдүү дем менен айта алам.
Калыгул Бейшекеев