Жолдун курулушу өнүгүүнүн башталышы

19-август, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 133

Жол — бир жерден экинчи жерге жеткирүүчү гана инфраструктура эмес. Ал айыл менен шаарды, өндүрүш менен рынокту, туристтик аймак менен эс алуучуну, тарыхый мурас менен бүгүнкү күндү байланыштырган негизги көпүрө. Жолдун сапаты жакшы болсо, каттам жеңилдейт, убакыт үнөмдөлөт, соода-сатык жанданат, алыскы аймактардын мүмкүнчүлүгү кеңейет.

Бүгүн Кыргызстанда жол инфраструктурасын жакшыртууга багытталган иштер дал ушул максатта бир катар аймактарды камтып, ар башка багыттарда уланууда. Өзгөчө Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарындагы жолдорго көңүл бурулуп, республикалык маанидеги каттамдар менен катар туристтик жана тарыхый-маданий объектилерге алып баруучу жолдор да жаңыланууда.

Туризмди жол баштайт

Жол курулушуна көңүл бурулуп жаткан аймактардын сап башында Ысык-Көл турат. Анткени, бул аймак үчүн жол — туризмдин инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү. Балыкчыдан Караколго чейинки каттамды жакшыртуу менен бирге көл жээгиндеги туристтик объектилерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылган жолдор да оңдолуп жатат.

Учурда «Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол» унаа жолунун 0–141,6-чакырым аралыгында масштабдуу иштер жүрүүдө. Бул тилкеде 5 башкы подрядчы жана 10дон ашык субподрядчы компания иштеп, биринчи катмар асфальт-бетон 125,620 чакырымга төшөлдү. Бул жалпы көлөмдүн 89 пайызына барабар. Курулушка 978 жумушчу, 402 атайын техника тартылып, 7 асфальт-бетон жана 13 таш майдалоочу завод иштеп жатат.

Бирок, бул долбоордун мааниси сандар менен эле чектелбейт. Ысык-Көлгө келген эс алуучу үчүн сапаттуу жол — эс алуу жайына жетүүнүн ыңгайлуулугу. Жергиликтүү тургун үчүн  күнүмдүк каттамдын жеңилдеши. Ишкер үчүн туристтик агымдын көбөйүшү жана кызмат көрсөтүү рыногунун кеңейиши.

Ушул эле багытта Чолпон-Ата шаарындагы узундугу 15,64 чакырым болгон төрт тилкелүү айланма жолдун курулушу да маанилүү. Мындан тышкары, Жети-Өгүз курортуна, Каракол–Барскоон багытына жана туристтик жайларга алып баруучу жолдордо иштер жүргүзүлүүдө. Боз-Учук–Шахта–Жыргалаң жолунун 14,5 чакырымдык тилкесинде да курулуш иштери жүрүп жатат. Бул жол «Ала-Тоо-Резорт» тоо лыжа базасына алып барат. Демек, бул жерде жолдун курулушу туристтик объекттин өзүн өнүктүрүү менен катар аймактагы кызмат көрсөтүү, соода жана ишкердик үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Ысык-Көлдөгү иштер туристтик инфраструктура менен гана чектелбейт. Түп–Кеген жолунун 0-39-чакырым аралыгында экинчи катмар асфальт төшөлүп, анын 14 чакырымы толук бүткөрүлгөн. Эңилчек жайлоосуна баруучу жолдо болсо жолдун негизин даярдоо иштери жүрүп жатат.

Таластагы ийгиликтер

Талас облусундагы жол курулуштарынын дагы бир өзгөчөлүгү бир катар каттамдардын тарыхый жана маданий

объектилерге байланыштуу болушу.

Суусамыр–Талас–Тараз жана Талас–Беш-Таш унаа жолдорундагы иштер менен катар «Чыңгыз Ааламы» жана «Манас-Ордо» тарыхый-маданий комплекстерине алып баруучу жолдорго да көңүл бурулууда.

Бул жолдор жергиликтүү калк үчүн гана эмес, өлкөнүн туристтик багыты үчүн да маанилүү. Анткени, тарыхый-маданий жайларга жетүү канчалык ыңгайлуу болсо, аларга келгендердин санынын өсүшүнө да шарт түзүлөт.

Кировка–Гребень–Плотина унаа жолундагы иштер да көзөмөлдөнүп, курулуштун сапаты жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышы боюнча жооптуу кызматкерлерге тапшырмалар берилди. Бул жерде негизги талап – жолду куруу эле эмес, аны сапаттуу бүтүрүү. Жолдун бүгүн курулуп, эртең кайра оңдолушу эмес, узак убакыт кызмат кылышы маанилүү. Эске салсак, быйыл Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы  Талас облусунда белгиленет. Жол курулуш иштери ушул мөөнөткө чейин аякташы зарыл.

Нарынды жакындаткан жол

Нарын үчүн жолдун мааниси өзгөчө. Буга чейин Нарын облусунун жолдоруна көп көңүл бурулбай жатканы тууралуу сындар социалдык баракчаларда көп эле айтылган. Тоолуу аймактагы калктуу конуштардын ортосундагы байланыш, күнүмдүк каттам, айыл чарба продукциясын жеткирүү жана социалдык кызматтарга жетүү түздөн-түз жолдун абалына байланыштуу болгондуктан, сын айткандарды туура түшүнүүгө болор эле.  Андыктан бул жылы облуста дал ушул тармакта көп иштер алып барылды.

Нарын районундагы Нарын–Оруктам унаа жолунун 9,45-15-чакырым аралыгындагы 5,3 чакырым тилкесине асфальт төшөө иштери аяктады. Бул жергиликтүү тургундардын каттамын жеңилдетип, айылдар арасындагы транспорттук байланышты жакшыртууга шарт түзөт.

Ал эми Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндө жолдун негизги бөлүгү 2025-жылы толугу менен асфальтталган. Быйыл жол жээгиндеги суу өткөрүүчү лотокторду жана тротуарларды орнотуу, көчөнү жарыктандыруу сыяктуу иштер аткарылууда. Бул мисалдар жол курулушу бир гана трассага асфальт төшөө менен бүтпөй турганын көрсөтөт. Жолдун коопсуздугу үчүн анын жээги, суу өткөрүү системасы, тротуары, жарыктандыруусу сыяктуу элементтер да комплекстүү каралышы керектиги айтылып, тиешелүү тапшырмалар аткарылууда.

Негизги талап — сапат

Ар бир аймактагы долбоордун багыты ар башка болгону менен, талап бир. Башкача айтканда, сапат жана мөөнөт маанилүү нерсе. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги жол объектилерин жеринен текшерип, подрядчы уюмдарга иштердин сапатын камсыз кылуу, курулуш темпин күчөтүү жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо боюнча тапшырмаларды берүүдө. Анткени, жолдун мааниси анын узундугу же ага тартылган техниканын саны менен гана өлчөнбөйт. Анын чыныгы баасы адамдардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүшүндө, айылдардын жана шаарлардын байланышынын жакшырышында, туристтик аймактардын жеткиликтүүлүгүндө жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейишинде.

Бүгүн Ысык-Көлдө туризмге жол ачкан каттамдар, Таласта тарыхый-маданий жайларга алып баруучу жолдор, Нарында калктуу конуштарды байланыштырган тилкелер жаңыланууда. Ушу тапта курулуп жаткан ар бир жолдун сапаты  эртеңки күндүн мүмкүнчүлүгүнө салынган инвестиция эмеспи. Биз бүгүн маанилүү деген жолдор туурасында гана маалымат бердик. Учурда республиканын бардык аймактарында 5,6 чакырымдык ондогон ички жолдорго асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.  Жүрүп жаткан иштер мурдагыдай жаз, жай,  айларында эмес, заманбап ыкмалардын эсебинен күз, кыш мезгилдеринде да жүргүзүлүп жатканын белгилейбиз.

Жазгүл Кенжетаева

19-август, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 133
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X